super.kg logo

Мамкаттоо кызматы: "Өлкө аймагында биометрикалык маалыматын тапшыргандардын саны 3 миллионго жетти"

 

Өлкө аймагында биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын саны 3 миллионго жетти. Бул тууралуу 4-майда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы учурда республика боюнча биометрикалык маалыматын тапшыргандардын саны көбөйүп, апрель айында алардын саны 7 209ду түзгөн. Шаар жана облустар боюнча көрсөткүч төмөнкүдөй болгон:

Бишкекте – 1023, Ош облусунда – 1355, Нарын – 1307, Чүй – 1582, Ысык-Көл – 750, Баткен – 594, Талас -138,; Жалал-Абад облусунда – 460 жаран.

Айта кетсек, 2014-жылы 14-июлда президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз жарандарын биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамга кол койгон. Андан соң жарандардын биометрикалык маалыматтарын бирдиктүү маалымат базасына чогултуу башталган. Биометрикалык маалыматты 16 жаштан жогорку жарандар тапшырышат.

Биометрикалык маалыматтар – калктын бирдиктүү маалымат реестринин негизги бөлүгү. Бул мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо тутумун өркүндөтүүгө, калктын электрондук маалыматтар базасын түзүүгө, адилет жана таза шайлоо өткөрүү үчүн шайлоочулардын так тизмесин түзүүгө, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоону жоюу максатында киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.05.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улут графасын киргизгенби алгандар барбы мен жакында алмаштырам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: