super.kg logo

Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун оңдоо иштери 20-майга чейин бүтүшү керек

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-майда Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, 20-майга чейин бүтүшү керектигин айткан. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкек-Кара-Балта унаа жолу өлкөбүздөгү стратегиялык көп каттамга ээ болгон жолдордун бири. Муну эске алуу менен аталган жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жолду кеңейтүү чечими кабыл алынган. Аталган максатта каражаттар бөлүнүп, аны колдонуу жана иштин сапаты катуу көзөмөлгө алынат. Унаа жолду оңдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде жеңүүчү компания оңдоо иштерин 2017-жылдын 20-майында бүткөрүүсү керек. 10 күндөн соң аткарылган иштерди жана компаниянын даярдыгын жеке өзүм текшерем. Жалпы республика үчүн аталган унаа магистралынын маанилүүлүгүн эске алып, реконструкциялоо боюнча иштер 24 саат бою жүргүзүлүүгө тийиш. Жүргүзүлгөн иштер жана сапаты жогорку стандартка ылайык болушу керек", - деген Сооронбай Жээнбеков.

Мындан сырткары премьер-министр Чүй облусунун Маловодное айылындагы салмак габариттик көзөмөл пунктунун иши менен таанышып, айдоочулардан көптөгөн даттануулар түшүп жатканын билдирген. Анын айтымында, пункттун айрым кызматкерлерин коррупцияга айыпташууда. Алар акча үчүн ашыкча жүктөлгөн фураларды өткөрүп, анын жыйынтыгында жолдун катмары бузулуп жатканы Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго айтылды.

Салмак габариттик көзөмөл департаментинин директору Эмилбек Таштаналиевдин маалыматына ылайык, коррупция менен күрөшүүнүн алкагында салмак габариттик пунктунун 260 кызматкери мыйзамсыз жыйымдар жана жемкорлук үчүн айыпталып, жумуштан алынган. Премьер-министр мыйзамсыз жыйымдар менен күрөшүүнүн бирден-бир механизми салмак габариттик көзөмөл пунктарында мобилдик түйүндөрдү жана жүк ташууларды көзөмөлдөөчү он-лайн системин ишке киргизүү болуп саналарын айтып, аталган системди 2017-жылдын 20-майына чейин ишке киргизүүнү тапшырганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.05.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ондоо иштери деп койот го, уялбайсынарбы чондор. беш тешикти жамап бир тешигин жамабай кетип атышат. мындайды ондоо иштери деп айтууга болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: