Жеңиш күнүнө карата согуш ардагерлеринин катышуусунда эскерүү иш-чарасы өттү
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылдыгына карата борбордогу "Жеңиш" аянтында 6-майда эскерүү иш-чарасы өттү. Ага согуштун жана ооруктун ардагерлери, аймактык чыр-чатактардын катышуучулары, Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү, шаар тургундары катышышты. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Өчпөс отко гүлчамбар коюлгандан кийин өлкөнүн биринчи Коргоо министри генерал-полковник Мырзакан Субанов сөз сүйлөп катышуучуларды Жеңиш майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө ардагерлердин эрдиктери унутулгус экенин белгилеп өттү. Ошондой эле ардагерлерден үлгү алып жаштардын аскердик-патриоттук тарбиясын бекемдөө зарылдыгын кошумчалады. Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
kinsion
07.05.2017. 13:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
былтыр жамгырда калды ветерандар,быйыл да 9май жамгыр жаайт окшойт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















