super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-МАЙ: Балбан Раатбек Санатбаевдин көзү тирүү болгондо 48 жашка чыкмак

 

Атактуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча Олимпиаданын коло медалынын ээси Раатбек Санатбаевдин көзү тирүү болгондо 48 жашка чыкмак. Ал 1969-жылы 7-майда Ош шаарында туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик Славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн.

Анын карьерасы 1984-жылы башталган. Дал ошол жылы Юрмала шаарында Эл аралык турнир болуп, ошол жерден салмагы боюнча таймашып биринчи орунга жетишкен. Ал Кыргыз мамлекетиндеги XX кылымдын эң мыкты балбаны болуп аталган. Көптөгөн Гран-прилердин ээси болуп, "Даңк" медалы менен сыйланган. Андан тышкары, Улуттук олимпиадалык комитеттин төш белгисинин, ардак граммоталарынын ээси. Раатбек Санатбаев Хиросима жана Бангкок шаарында өткөн Азия оюндары боюнча күмүш медалдын ээси. 1998-1999-жылдары FILA рейтинги боюнча планетанын үчилтигине кирген. Раатбек Санатбаев 2006-жылы 8-январда дүйнөдөн кайткан.

7-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.05.2017. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не себеп болгон дуйнодон кайтканына
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: