super.kg logo
  Саясат  

39 жаштагы Эммануэл Макрон Франциянын президенти болуп шайланды (өмүр баяны)

 
Эмманюэль Макрон француз тили боюнча мугалими болгон, өзүнөн 25 жаш улуу Бриджит Троньёге үйлөнгөн
Эмманюэль Макрондун аялы 64 жаштагы Бриджит Троньё
Президенттик шайлоодо Макрондун атаандашы болгон "Улуттук фронт" партиясынын лидери Марин Ле Пен

7-майда Францияда өлкө президентин шайлоонун экинчи туру өтүп, "Алга!" кыймылынын лидери Эммануэл Макрон мамлекет башчы болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, бюллетендердин 100 пайызы эсептелип бүтүп, анын жыйынтыгында шайлоочулардын Макронго 65,82 пайызы добуш беришти. Анын атаандашы "Улуттук фронт" партиясынан Марин Ле Пен добуштардын 34,18 пайызына ээ болду.

Эммануэл Макрон 1977-жылы 21-декабрда туулган. Учурда 39 жашта. Франциялык саясатчы, "Алга" саясий партиясынын лидери. Париж Х-Нантер университетинде, Саясий изилдөөлөр институтунда окуган. 1999-жылдан 2001-жылга чейин француз философу Пол Рикёрдун жардамчысы болуп иштеген. 2004-2008-жылдары Экономика министрлигинде инспектор жана башка кызматтарда иштеген.

Макрон терроризм менен күрөшүүнүн башкы тарапташы, Палестинаны мамлекет катары таанууну колдобойт. Өлкөнүн атайын кызматын, армиясын жана милициясын каржылоону күчөтүү керек деген пикирди карманат. Франциянын тарыхында эӊ жаш президент болуп шайланды. Үй-бүлөлүү. 2007-жылы мектепте француз тили боюнча мугалими болгон, өзүнөн 25 жаш улуу Брижит Троньёго үйлөнгөн. Мугалимин өзү окуучу кезинде эле жактырып калганы айтылып жүрөт. Брижиттин мурдагы никесинен 3 баласы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: