super.kg logo

Өлкөдөгү кырсыктарга байланыштуу жарандык активисттер түлөө өткөрүшөт

 

Бишкекте жарандык активисттер түлөө өткөрүшөт. Мындай маалыматты бүгүн, 8-майда SUPER.KG порталына жарандык активист Тимур Саралаев билдирди.

"Акыркы убактарда өлкө аймагында бир топ кырсыктар катталып жатат. Мындан улам жарандык активисттер мал союп, кан чыгарып, куран окуп ушул жумада түлөө өткөргөнү жатабыз. Илгери ата-бабаларыбыз дагы эл башына оор күн түшкөндө түлөө өткөрүп жамандыкты кайтарууга аракет жасап келген. Биздин өткөрүп жаткан иш-чарага жер-жерлерден тургундар катышса болот. Буга өлкөдөгү ар бир жашоочу катыша алат. Азырынча кайсы жерде өткөрөрүбүздү макулдашып жатабыз", - деп билдирди Саралаев.

Эске салсак, 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрттөн улам 14 кыргыз кызы көз жумган. Андан соң 2017-жылдын 16-январында Курулуш башкармалыгы дачалары айылында учак кырсыгы орун алып, 39 адамдын өмүрүн алган. Ал эми Өзгөн районунун Аюу айылында үстүбүздөгү жылдын 29-апрелиндеги жер көчкүдөн улам 24 жергиликтүү тургун жер алдында калып, каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.05.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зыяны жок дечи бирок тулоо кылса эле баары жакшы болуп кетет деген да болбойт Алланын мыйзамы мандайга жазганын коробуз тулоо кылбайле сурасан тилесен болот дегендик
08.05.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
muzibrat93,Сактансан сактайм тилесен берем дейт Кудай.Туура биздин ата бабабыздан калган ырым тулоо откормок.Бардыгык областарда Кудайдан тынччылык аманчылык тилеп откорушубуз керек менимче да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: