super.kg logo

"Аюудагы көчкү жолду бөгөп калгандан бери жашоочулар башка аймактарга чыга албай калышты" дейт жергиликтүү тургун

 

Өзгөн районунун Аюу айылынын жогорку тарабындагы жашоочулар жолду көчкү бөгөп калгандан бери башка аймактарга чыга албай калышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда SUPER.KG порталына аталган айылдын тургуну Курманбек Сулайманов кабарлады.

“Айылдын жогору жагында 60ка жакын кожолук жашайбыз. 29-апрелде түшкөн көчкү, мурда биз каттап жүргөн жолду жаап калган. Биз эки коктунун ортосундагы сайда жашагандыктан, унаа менен районго же башка айылдарга чыга албай калдык. Азыр көчкү түшкөн жерди айланып, жөө гана өтүүгө болот. Бүгүн 10 күндөй болсо да тиешелүү кызматтар жолду ачууга аракеттерин жасабай жатышат”, - дейт Сулайманов.

“Биз азыр убактылуу чатырлардабыз, Кудайга шүгүр, кайрымдуу элибиз бар экен, ар тараптан келип тамак-аш, кийим-кече, төшөнчүлөргө чейин берип кетип жатышат. Көчкүнүн жанынан унаа жүрө алчудай жол салып беришсе, райондун борборуна же өзүбүздүн жумуштарды бүтүргөнгө өз унааларыбызды колдонот элек”, - деп кошумчалады айылдын тургуну.

Эскерте кетсек, 29-апрелде Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкүдөн улам 24 жергиликтүү тургун жер алдында калып, каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: