Өлкөдө күнүнө 9412 автобус жана кичи автобус жүргүнчү ташыйт
Кыргыз жериндеги айылдардын 85 пайызы автобус каттамдары менен камсыздалган. Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына ылайык, 2017-жылга карата өлкөдө 981 автобус маршруту бар. Мунун ичине Бишкек жана Ош шаарларындагы автобустук маршруттар да кирет.
- эл аралык автобустук маршруттар – 27
- облустар аралык автобустук маршруттар – 131
- облус ичиндеги автобустук маршруттар – 544
- шаардык автобустук маршруттар – 279
Республикада 1807 айылдын 1614үндө автобус каттамы бар деп айтылат маалыматта. Автобустук маршруттун жалпы узундугу 107 479 чакырым. Бекитилген графикке ылайык, бул каттамдарда күнүнө 9412 автобус жана кичи автобус иштейт. Бул каттамдар 244 фирма тарабынан тейленүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.