super.kg logo

Кыргыз жүк ташуучулары ташыган жүктүн көлөмү кескин азайып жатат

 

2017-жылы Кыргыз жериндеги жолдорду оӊдоп-түзөөгө 1 миллиард 999 миллион сом каралган. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги маалымдады. Мындан тышкары "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 900 миллион сом каралган. Аталган министрликке караштуу Жол чарба департаментинин быйылкы жылга карата жалпы бюджети 2 миллиард 899 миллион сомду түзүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында жол тармагына 534 миллион 900 миӊ сом же 1-квартал үчүн каралган акчанын 88 пайызы жумшалганы айтылат маалыматта.

2017-жылдын 1-кварталында Кыргыз жүк ташуучулары тарабынан 8489 каттам ишке ашырылып, 110 424 тонна жүк ташылган. Былтыркы жылдын алгачкы 3 айында 19 390 каттам ишке ашырылса, 266 637 тонна жүк ташылган. Жүк ташуунун көлөмү дээрлик 2,4 эсеге азайып кеткен. Азыркы учурда өлкөдө эл аралык жүк ташуу тармагын тейлеген 90 фирма, 5 миӊден ашык автоунаа бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: