Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков Ошто согуш ардагерлерин куттуктады
Бүгүн, 8-майда президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков Ош облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Муктар Нургазиев жана Базарбай Холматов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Сапар Исаков президент Алмазбек Атамбаевдин атынан ардагерлерге материалдык жардам тапшырды. Ошондой эле 9-Май - Жеңиш күнү менен куттуктап, аларга чыӊ ден соолук жана узак өмүр каалады. Исаков мамлекет тарабынан согуштун жана ооруктун ардагерлерине материалдык жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Эки ардагер колдоо көрсөтүп жатканы үчүн президентке ыраазычылык билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.