Баткенде айдоочу МАИчини унаанын капотунда сүйрөгөнү боюнча окуянын чоо-жайы белгилүү болду
Баткен шаарында айдоочу Патрулдук милициянын инспекторун унаанын капотунда сүйрөгөнү боюнча окуянын чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 6-майда саат 10:30 чамасында Баткен шаарынын Нургазыев көчөсүндө Баткен облустук милициясынын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жол эрежесин көзөмөлдөп кызмат өтөп турушкан.
"Күмүш түстөгү Опель Астра үлгүсүндөгү S 06 65 AI мамлекеттик белгидеги автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол белгилери тургандыгына карабастан, жөө жүргүнчүлөрдү жолдон өткөрбөй жол эрежесин одоно түрдө бузган. Патрулдук милициянын кызматкери жол эрежесин бузган автоунааны токтотууга аракет кылган учурда, айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен автоунааны айдап качып кеткен. Ошол учурда инспектор чуркап барып, автоунааны алдынан тосуп, кайрадан токтотууга аракет кылгандыгына карабастан айдоочу автоунааны токтотпостон, инспекторду 110 метр аралыкка капотунун үстүндө сүйрөп барып токтогон учурда инспектор жерге кулап түшкөн. Ал эми айдоочу белгисиз тарапка качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 8-майда айдоочу кармалып, Баткен облустук милиция башкармалыгына жеткирилген. "Айдоочу Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылынын тургуну 1990-жылы туулган Р.Ө. үй-бүлөлүү, эч жерде иштебегендиги аныкталды.
Топтолгон материлдар боюнча айдоочунун үстүнөн Баткен ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти милициядан.

S 06 65 AI мамлекеттик белгидеги автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол белгилери тургандыгына карабастан, жөө жүргүнчүлөрдү жолдон өткөрбөй жол эрежесин одоно түрдө бузганы жонундо видео бар бекен ГАИлерде же ал акамактар куру доомат кылып жатабы кеп мына ошондо.
Болсо ушул жакка жуктосунчу королу
да гаиден качып келатыптыр. Ошол эле ситуация болуп кууп келаткан гаи качып кетиптир.
Сузгон айдоочу ачыгын айтыш керек болчу гаи кууп келаткан деп
Жогорудагы окуя боюнча ГАИ кызматы видео фиксация корсотсун. Болбосо эч ким ишенбей калган ГАИге. Журналисттер кана далил деп сураса болбой беле?!!
Экинчиден:Капотко жармашпай эле артынан кууса деле жетип алат болчуда, шугур кылсын басып кетип олуп калбаганына.
Учунчудон:Айдоочуларды тосуп акчасын алып арам акча менен уй-було багасынарбы акыретти да ойлонгулада.
алышпайт, эрежени бузбасак алар делем
тоскону акысы жок,
Оңололу десек алдың өзүбүздөн
баштайлы