super.kg logo

Жер титирөөнүн айынан Чоң-Алайдагы мектеп окуучулары чатырларда билим алууга мажбур

 

Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы 3 мектептин окуучуларына чатыр тигилип берилет. Мындай маалыматты бүгүн, 8-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соңку убактардагы жер титирөөлөрдөн улам аталган мектептин дубалдары жарылып, окуу иштеринин жүрүшүнө тоскоолдук жараткан.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү имараттын абалын текшерүүгө алышкан. Жыйынтыгында 10-майдан тарта Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди айылдарындагы мектептер үчүн убактылуу окуп турууга чатыр тигип берүү чечими кабыл алынды. Анткени ата-энелер жана мугалимдер кооптонуп жатышат. Жекенди айыл аймагындагы Ташбек уулу Гапар атындагы ашар жолу менен курулган мектеп жараксыз абалга келген", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, Чоң-Алай районунда 3-майдан бери болуп жаткан жер титирөөдөн улам миңге жакын турак жай жана социалдык имараттар жабыркаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
08.05.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах сактасын, бир тууган кыргыз элими
08.05.2017. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол тарапта жер титирөө тез тез болуп турушу мүмкүн дешиптир,анда күчтүү жер титирөөгө туруштук бере турган мектеп куруп берсин да өкмөт, ашар жолу менен салынган мектеп болмок беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: