super.kg logo

"Супер-Инфонун" окурманы: "Балдарыбыздын балдарына жеткен гезит болгула!"

 

Бүгүн, 8-май күнү “Супер-Инфо” гезитинин редакциясында басылманын 15 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан оюн-утуштун кезектеги жеңүүчүсүнө белек тапшырылды. Нарын облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Сайкал Багишбекованын сиңдиси Жаркынай Багишбекова: “Эжем Кочкор районунда жашайт. 31 жашта. Мектепте мугалим болуп иштейт. Ал оюн-утуш башталганда мага чалып “мен аябай күтүп жатам. Сен да катышып көр” деп айтып калды. Кезек Нарын облусуна жеткенде “жумуштан чыгып эле барып, жоопторун жазып жиберем” деп сүйүнчүлөгөн. 2-3 күн мурун эле гезиттен анын утканын окуп, эжемди куттуктадым. Мен, эжем жана апам “Супер-Инфону” калтырбай окуйбуз. Айрыкча ашканага тиешелүү кеңештер аябай жагат. Гезитиңиздер буга чейин кандай өсүп-өнүккөн болсо, мындан ары да ийгиликке жетсин. Балдарыбызга, балдарыбыздын балдарына жеткен гезит болгула!” - деди.

Урматтуу окурман, 15 жылдык мааракеге арналган оюн-утуш кызуу уланууда. Сиз дагы катышып, белек утуп алыңыз! Оюн-утушка катышуу шарттарын "Супер-Инфо" гезитинен окуй аласыз.






"Супер-Инфонун" байгеси Нарындын тургунуна буйруду

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: