super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-МАЙ: Улуу Жеңиш күнү

 

9-Май совет элинин улуу жана ыйык майрамы. 1945-жылы 8-май күнү саат 22ден 43 мүнөт өткөндө Германиянын баш калаасы Берлиндин жанындагы Карлхорст шаарында генерал-фельдмаршал Кейтель вермахтын атынан Советтер Союузунун маршалы Георгий Жуковдун жана союздаштардын атынан Англиянын авиация маршалы Артур Теддердин катышуусунда толук жана биротоло багынып берүү жөнүндөгү келишимге кол койгон. Бул мезгилде Москвада 9-май болуп калган эле. Ошентип 4 жылга созулган (1941-1945-жылдар) эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Бул согушта совет эли 27 миллион адамынан ажыраган.

Ошол эле замат Иосиф Сталиндин жарлыгы менен 9-Май - Жеңиш күнү деп жарыяланып, эртең менен саат 6:00дө бул жарлыкты радио аркылуу атактуу диктор Левитан бүт совет элине жарыя кылган. Эң биринчи Жеңиш майрамы 1945-жылы 9-май күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Элдин баары майрамдаган. Көчөлөрдө адамдар бирин-бири куттуктап, ыйлап жүрүшкөн. Бул кубанычтын ыйы болгон. Кечинде СССРдин борбору Москва шаарында 1000 замбиректен 30 залп менен СССРдин тарыхындагы эң масштабдуу Жеңиш Салюту берилген. Бирок 1948-жылдан баштап 9-май кайрадан жумуш күнү болуп калган. 1965-жылы гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9-май кайрадан жумуш эмес күн деп жарыяланып, бардык атрибуттары менен (аскер парады, согуш ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту) майрамдала баштаган.

9-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: