super.kg logo
  Саясат  

Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өтүүдө

 

Түштүк Кореяда 9-майда мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо өтүүдө. Өлкөнүн Улуттук шайлоо комиссиясынын маалыматына таянсак, саат 08:00гө карата (Бишкек сааты боюнча 05:00) шайлоочулардын 5,6 пайызы добуш беришти.

Жарышка 13 талапкер катышып жатат. Сурамжылоо жыйынтыктары боюнча Демократиялык партиянын талапкери Мун Чжэ Индин жана Элдик партиянын талапкери Ан Чхолдун жеӊүүчү болуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп айтылууда. Мун Чжэ Ин мурунку президенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеп, жеӊишти Түштүк Кореянын 2017-жылга чейин башкарган Пак Кын Хеге тарттырып жибергени белгилүү.

Түштүк Кореянын Конституциялык соту март айынын башында Пак Кын Хеге 2016-жылдын декабрында парламент тарабынан жарыяланган импичментти кабыл алган. Муну менен президент кызматтан кеткен эле. Марттын аягында камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: