Баткен облусундагы 5 согуш ардагерине автоунаалар белекке берилди
Баткен облусундагы 5 согуш ардагерине Улуу Жеңиш күнүнө карата жаңы Жигули-07 үлгүсүндөгү автоунаалар берилди. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Алимбек Макмуратов бүгүн, 9-майда SUPER.KG порталына билдирди.
"Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана демөөрчүлөрдүн кошумчасы менен Лейлек районунун Кулунду айылынын эки ардагерине, Баткен районундагы Дары айыл өкмөтүнүн бир ардагерине жана Баткен шаарынын эки ардагерине автоунаалар белекке берилди", - деди ал.
Анын айтымында, буга чейин согуштун катышуучуларына акчалай белектер берилип келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
kanybek1986

09.05.2017. 19:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баткендиктер молодец
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.