super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-МАЙ: Кыргыздагы эӊ узун бойлуу адам катары таанымал болгон Жеӊишбек Райымбаев көзү тирүү болгондо 38 жашка чыкмак

 

Кыргыздагы эӊ узун бойлуу адам катары таанымал болгон Жеӊишбек Райымбаев көзү тирүү болгондо бүгүн, 9-майда 38 жашка чыкмак. Ал 1979-жылы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган.

Бою өспүрүм курагынан тартып 2 метр 36 сантиметрге чейин өскөн. Убагында ооруга чалдыккан Жеӊишбекке жардам берүү боюнча карапайым жарандар тарабынан ар кандай аракеттер көрүлгөн. Кант диабети жана башка оорулардан жабыркап, оорудан улам 2014-жылы бир бутун кестирүүгө аргасыз болгон. Ошондон кийин ал ордунан турбай калып, өмүрүнүн акыркы айларында өзүн начар сезе баштаган.

2015-жылы 1-июнда Жеӊишбек Райымбаев узакка созулган оорудан улам 36 жашында каза тапкан. Сөөгү өзү туулуп өскөн айылда 3-июнда жерге берилген.
9-майдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: