super.kg logo
  Саясат  

Талас. Бакай-Атада жаңы балдар бакчасы ачылды

 
undefined
Бүгүн Талас облусунун Бакай-Ата айылында жаңы «Мээрим» бала бакчасы ачылды. Бала бакча 110 бөбөккө ылайыкталып, наристелер 4 тайпада тарбияланышат. Эмеректерди «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду аркылуу «Компаньон» кредиттик компаниясы 640 миң сомго алып берген. Ачылыш аземине экс-президент Роза Отунбаева, депутаттардан Майрамкүл Тиленчиева (“Ар-намыс”), Эльмира Жумалиева ("Республика"), Данияр Тербишалиев (КСДП), Билим берүү жана илим министринин орун басары Зууракан Каденова, ЮНИСЕФтин өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Роза Отунбаева өз сөзүндө: “Азыр биз мектепке бара турган балдарды бала бакчага тартып, жок дегенде күнүнө 3 сааттан окуусун камсыз кылуу максатында иштеп жатабыз. Окуган бала тамганы таанып, эсептегенди, мугалим жана теңтуш балдарга кандай мамиле жасоону үйрөнөт. Окубаган бала артта калып, сабакка жетишүүсү кыйын болот. Балдардын келечегин ойлосок, алардан өлкөгө керектүү адистер чыксын десек, анда балдарды бакчадан окуусун камсыз кылышыбыз керек”,- деди. Сөз сүйлөгөн соң Роза айым бала бакчага өзүнүн атынан 1 муздаткыч тапшырды. Салтанатта экс-президентке “Бакай-Ата аймагынын ардактуу адамы” наамы ыйгарылып, төш белги тагылды. ЮНИСЕФтин өкүлдөрү да бакчага оюнчуктар менен окуу куралдарын белек кылышты. Салтанат бөбөктөрдүн концерти менен коштолду.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: