super.kg logo

Кемин районунда академик Кайып Оторбаев атындагы күрөш залы ачылды (фоторепортаж)

 

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Тегирменти айылында күрөш залы ачылды. Жаӊы курулуп пайдаланууга берилген спорт залга Улуттук илимдер академиясынын академиги, мурунку премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин атасы Кайып Оторбаевдин ысымы ыйгарылды.

Ачылыш аземине айыл тургундары, спортчулар жана коомдук ишмер Жоомарт Оторбаев катышты.

"Өткөн жылы айыл элинин атынан балдар үчүн спорт зал куруу боюнча кайрылуу болгон болчу. Мындан улам биз жаштарды спортко үндөө максатында атайын күрөш залын куруп бердик", - деп билдирди Жоомарт Оторбаев.

Ачылыштын жүрүшүндө имараттын кызыл тасмасы кесилди. Айылдын таланттары тарабынан ыр, бий тартууланды. Ошондой эле 12 команда кичи футбол боюнча мелдешке катышышып, соӊунда катышуучуларга белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кайып Оторбаев 1922-жылдын 22-апрелинде Кемин районунун Тегирменти айылында төрөлгөн. 400дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 15 монографиянын автору. К.Оторбаев бир катар сыйлыктардын, медалдардын жана Ардак грамоталардын ээси. Алардын ичинде Кызыл Жылдыз ордени, "Эрдик үчүн" медалы, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгени үчүн" медалы бар.

Академик 2015-жылы 22-февралда көз жумган. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.






Кеминде Кайып Оторбаев атындагы күрөш залы ачылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: