super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Президенттикке талапкерлер Жеңиш күнүн пиарга колдонушту

 

Бүгүн, 9-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз жеринде 9-Май – Улуу Ата Мекендик согуштагы жеӊиштин 72 жылдыгы белгиленди. Бишкектин "Жеӊиш" аянтында майрамдык салтанат орун алып, президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилиги элди, согуш ардагерлерин куттуктады.

Ажо эки жагдайга басым жасады: биринчиси – аталган согуштун жана ардагерлердин тарыхтагы орду, экинчиси – Орусияда кыргыздарга жасалып жаткан мамиле тууралуу. Ажонун билдирүүсүнө таянсак, орусиялык жазуучу Михаил Веллер интернет басылмаларга "скинхеддер Орусиянын кызыкчылыгын коргоп жатат" деген өӊүттө интервью берсе, Мамлекеттик Думанын депутаты Константин Затулин кыргыздар мурда Орусияны жердеген элдердин катарына кошулбасын айтып, Кыргыз мигранттарына катаал чара колдонууну сунуштаган. Президент согушта Кыргыз эли Орусияга зор жардам кылганын, бүгүнкү күндө Орусияда Кыргыз мигранттарын өгөйлөө күчөгөнүн атайы эскертти. Орусиялык элге таанымал адамдар ММКлар аркылуу скинхеддерди колдоп, Кыргыз мигранттарын “чоочундар” деп басынтып жатканын, Санкт-Петербургдагы теракттан кийин Кыргыз мигранттары бир жактуу каралоого туш келгенин айткан ажо: “Орусиянын көйгөйү кыргыздар эмес, улут аралык жаӊжалды козутууга от жаккан өзүнүн саясатчылары”, - деди.

Албетте, бул Орусиядагы миӊдеген мекендешибиздин көӊүлүндөгү пикир. Бирок Улуу Ата Мекендик согуш, андагы фашизмдин үстүнөн жеңиш Орусиянын гана энчисиндеги окуя эмес. Андыктан бүгүн Улуу Жеңиштин 72 жылдыгында өлкө башчысы куттуктоо сөзүндө Орусиянын саясатчыларын талкуулаганын туура көрбөгөндөр да болду. Орусиядагы кыргыз мигранттарына келсек, ЕАЭБге кирүүдө убада кылынган миграциялык жеӊилдик сезилип-сезилбей жатып террорчуларга байланыштуу Борбордук Азиядан, анын ичинде Кыргыз мамлекетинен барган мигранттарга күмөн менен кароо, катаал мамиле күч алды. Орусия чиновниктеринин колдоосу 2008-2009-жылдары болуп көрбөгөндөй күчөп ондогон, балким, жүздөгөн мекендешибизди өлтүргөн такыр баштарды кайра күчөтпөйт деген кепилдик жок. Ошондуктан бүгүн өлкө жетекчиси "жүздөгөн бейкүнөө жаранды, жаш балдарды өлтүрүү менен скинхеддер Орусиянын кызыкчылыгын коргоп жаткан имиш" деп жазуучунун билдирүүсүн кескин сындады.

Атамбаев президент катары акыркы ирет куттуктап жатканын, согуштун ардагерлерине айына 10 миң сомдон берилип жаткан президенттик стипендияны үзгүлтүксүз берип туруу оңойго турбаганын айтып өттү. “Силер каалагандай жардам бере албасам кечирип койгула, колдон келишинче иштедим. Беш жыл мурда ардагерлерге кошумча 10 миӊ сомдон төлөйлү десек бюджетте акча жок эле. Чет элдик демөөрчүлөр аркылуу ардагерлердин стипендиясы үчүн 4 жылда 300 миллион сом таптык”, - деди президент. Бабанов, Сариев өңдүү президенттикке потенциалдуу талапкерлер Жеңиш күнүн жана ардагерлерди өзүн пиарлоого жакшы жол катары колдонушту.

Согуштун ардагерлерине мамлекет кандай кам көрүүдө? Мындан 72 жыл мурун мекенди коргоо үчүн Кыргыз жеринен 360 миӊден ашык жаран согушка аттанып, алардын 160 миӊге жакыны кайтпай калган. Кайтып келгендердин катары жыл сайын суюлуп баратат, бүгүнкү күндө өлкөдө 640 гана ардагер калганы белгилүү болду. Расмий маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 7 миӊ сом, тылда иштегендерге 2 миӊ сомдон пенсия каралган. Ардагерлер өмүрүнүн аягына чейин ай сайын 10 миӊ сомдон президенттин стипендиясын алышат. Ошондой эле өкмөттөн жылына бир жолу 15 миӊ сомдон жөлөк пул берилет.

9-Май мурдагы союздук өлкөлөрдө кантип белгиленүүдө? Мисалы, Өзбекстанда 9-Май - Жеӊиш күнү эмес, Эскерүү күнү деп белгиленип жүрөт. Украинада 9-майды Жеӊиш күнү деп майрамдоо 2015-жылы токтотулган, учурда Экинчи дүйнөлүк согушта улутчулдуктун үстүнөн жеӊиш күнү деп майрамдалат. Бул күнкү салтанаттарда “Улуу Ата Мекендик согуш” деген терминди колдонууга уруксат берилбейт. Бүгүнкү бейпил турмуш оор жоготуулар, азап-тозоктор менен келген. Андыктан 9-Май – жаш муунга тынчтыктын баркын, баасын сездирип, ата-бабалардын эрдигин даӊазалаган күн катары сөзсүз белгиленип жүрүүсү зарыл...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: