“Ак шоола” хору “Алтын уя” балдар опереттасын коюшат

Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында “Ак шоола” балдар хору “Алтын уя” балдар опереттасын коюшат. Айта кетсек, опереттаны белгилүү композитор Турдубек Чокиев менен хормейстер Гүлмира Эсенгулова 2009-жылы жазышкан. Чыгарманын идеясы өсүп келе жаткан балдарга тарбия берүү менен аларга патриоттуулукту, Ата Мекенге болгон сүйүүнү, ата-эне, бир тууганга болгон сый-урматты үйрөтүү болуп саналат. Ал эми опереттадагы каармандардын ролдорун 3 жаштан 17 жашка чейинки балдар аткарышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.