super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолун көп жааган жаан-чачын менен оор жүк ташуучу унаалар бузуп жатканы айтылды

 

Чаткал районундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун бузулуусуна аба ырайынын начардыгы жана алтын кендерине жүк ташыган унаалар себеп болууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

"Ала-Бука-Каныш-Кыя жолу асфальт төшөлбөгөн шагыл жол. Жылда атайын акча бөлүнүп, ал жолдо пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүп турат. Учурда жаан-чачын көп жааганынан майда селдер жүрүп, жолдун айрым жерлери оюлуп жатат.

Андан сырткары Чаткалда алтын казган кендер көп, аларга өткөн оор жүк ташыган унаалар да жолдун бузулуусуна өз салымын кошуп жатат. Негизи жол жарактуу, ал жакта жаз кеч келгенине байланыштуу апрель, май, июнь айларында бул жолдон өтүү оорчулукту жаратат", - деди аталган министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов.

Эскерте кетсек, Чаткалда майда жер көчкүлөрдөн улам унаа жолдор бузулуп жаткандыгын окурман SUPER.KG порталына кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.05.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чаткалда жашаган тургундарга кытай фирмаларынын пайдасынан зыяны коп.Биринчи 45-50 тонналык авто унаалары жолду,копурону бузсса,экинчиден тоолорду
бошоотуп оюуп жатат,анан кытай фирмаларын циянит кошпой иштет деп эч ким кепилдик бере алышпайт.
Бул жонундо Чаткалдын акимине 10 жолу бардык ушул жазылган
маселени айттык,бирок эч бир жыйынтык жок.
Parish түзөттү 2017-05-10 17:36:19
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: