Түркмөнстанда мугалимдер жана бала бакча кызматкерлери шаарды тазалоо иштерине катышууга милдеттендирилди

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында бийлик мектеп мугалимдерин жана бала бакча кызматкерлерин көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштерине катышууга мажбурлоодо. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Аталган өлкөдө 8-9-май расмий түрдө майрам катары жарыяланганына карабай, мугалимдер, бала бакча кызматкерлери ишке чыгууга милдеттендирилген.
"Мектеп мугалимдери Олимпиада шаарчасынын айланасын тазалашкан. Көчөлөрдү шыпырып, чөптөрдү тегиздеп, отоо чөптөрдү жулуп, арыктарды акыр-чикирден арылтуу иштерине тартылган. Калааны тазалоо жана көрктөндүрүү жумуштары 17-сентябрдан 27-сентябрга чейинки өтө турган Ашхабаддагы Азия оюндарына карата жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.