super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Токтогулдагы Толук айылында жер көчкү түшүүсү мүмкүндүгүнөн улам башка жакка көчүрүлгөн жашоочуларга жер берүү маселеси каралууда

 

Токтогул районунун Толук айылында жер көчкү түшүүсү мүмкүндүгүнөн улам башка жакка көчүрүлгөн жашоочуларга жер берүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Мирбек Натурунбеков билдирди.

"Көчкү түшүүсү мүмкүн болгон жерде жети үй жайгашкан. Ал үйлөрдө жашагандар туугандарыныкына көчүрүлдү. Ал жерде жашоо кооптуу экендиги алдын ала эскертилген. Менде ар бир үйдүн ээсинен эскертме алдык деген түшүнүк каттары бар. Учурда аларга жер берүү маселесин чечүү боюнча райондук архитектурага кайрылалы деп документтерди даярдап жатабыз. Уруксат берилсе эле аларга үй салганга жерлер бөлүнүп берилет”, - деди Мирбек Натурунбеков.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган айыл кооптуу деп табылып, ал жердеги тургундарга эскертилгенин билдирген.

Эскерте кетсек, 9-майда окурман SUPER.KG`геТоктогул районунун Толук айылында жер көчкү коркунучу күтүлүп жатканын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.05.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каралып жатат сүйлөшүүлөр болуп жатат деген сөздөр менен элди сылык алдамай бул.
10.05.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эканын айылы го)
10.05.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Насранбеков эмеспи фамилиясы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: