Бүгүн унаа сүзүп кеткен эки окуучу баланын бири ооруканадан үйүнө чыгарылат
21-апрелде Бишкектеги Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде унаа сүзүп кеткен эки окуучу баланын бири Эрбол Мамажакыпов бүгүн ооруканадан үйүнө чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"№3-балдар ооруканасынын хирургия боюнча башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбековдун билдиргенине караганда, Эрбол Мамажакыпов бүгүн үйүнө чыгарылат. Ал эми экинчи окуучу Алимбек Сыранов өз алдынча тамактанып калды, абалы туруктуу", - деп билдиришти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















