super.kg logo

Бишкекте 60 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелгендердин иши боюнча биринчи сот отуруму болду

 

Бүгүн, 10-май күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча биринчи сот отуруму болду. Анда кылмышка шектүүлөрдүн жактоочусу өтүнүч келтирип, иш менен таанышууга убакыт сурады. Өтүнүчтү судья Дөөлөтбек Турдукожоев канааттандырып, ишти кароону 19-майга жылдырды.

Айта кетсек, окуя 22-февраль күнү түшкө чейинки убакта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө болгон. Анда 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз кишилер өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ал эми март айынын башында кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган Майрамкүл Абдурасулова жана 1953-жылы туулган Нарын Токошев кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, Майрамкүл Абдурасулова маркумдун курбусу болгон. Ал окуя болгон күнү анын үйүнө мурдагы күйөөсү Нарын Токошев менен кошо келген. Кийин Токошев маркумду башка атып, үйдөгү 15 миң долларды алып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: