super.kg logo

Бишкекте унаа сүзүп кеткен окуучунун чоӊ энеси: "Сүзүп кеткен адамдын жакындары абалыбызды сураган жок. Алар таасирдүү кызматтарда иштээри айтылууда"

 

Бишкектеги Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде унаа сүзүп бейтапканага түшкөн Эрбол Мамажакыпов ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына окуучунун чоң энеси Айсулуу Калбаева билдирди.

"Неберемдин абалы турукташып, бейтапканадан чыктык. 10 күн убакыттан кийин кайра дарыланабыз. Бүгүн эртең неберемди Ысык-Көлгө алып кетсем деп жатам. Анткени адистердин айтымында, эртең менен эрте көл жээктеп басып, мээ сергитип эс алса, баланын ден соолугуна пайдалуу дешти. Ага чейин баламдын аман калганы үчүн тууган-урук, кошуналарды чакырып, мал союп, куран окуп түлөө өткөрөбүз. Азыр үй-бүлөдө баарыбыздын маанайыбыз жок. Массалык маалымат каражаттарына маек курууну каалабай турабыз", - деп билдирди Калбаева.

Айсулуу Калбаеванын айтымында, небереси менен жол кырсыгына кабылган Алимбек Сырановдун да абалы жакшырууда. Ал учурда тамак жеп, сүйлөп, башынын шишиктери кайтып калган.

"Неберем жол чырак кызыл күйүп, жөө жүргүнчүлөр өтүүгө уруксат болгондо өткөнүн айтып берди. Буга чейин ал окуяны эстей албай жатканын айткан. Өспүрүм балдарды сүзүп кеткен тараптан адамдар келип абалыбызды сурап койгон жок. Мас абалында унаа башкарган айдоочунун туугандары таасирдүү кызматтарда иштээри айтылууда. Биз тергөөнүн жүрүшүнө алардын таасири тиеби деп чочулап жатабыз. Ар ким колу менен кылганын моюну менен тартыш керек", - деп кошумчалады Калбаева.

Эске салсак, буга чейин 21-апрелде Бишкекте эки мектеп окуучусун жол чырактын жанынан сүзүп, токтобой качып кеткен окуя катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.05.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Таасирду кызматта иштесе эле балдарды сурап койгонго болбойбу???эки баланын деле убал сообу бардыр??кудай жазасын берсин..эки бала майып болуп отурат бул ондуу ХХХ айдоочунун айынан..акча менен соттун оозун жапкан кундо да убалы уктатпасын бил!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-10 17:01:14
10.05.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коркпой эле барыныз болгонун айтын
10.05.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында таанышы бар эмего уялбастан министр озу ата энеси тосмо арыз сурап жатат деп айткан эле
11.05.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай берсин жазаны ага окшогондорго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: