Кытайдан өрдөктүн эттерин алма деп алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды
Кытайдан Кыргыз жергесине өрдөктүн тоңдурулган эттерин алма деп алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-майда “Торугарт” чек ара көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кытайдан келе жаткан унаа текшерүүгө алынганда, төрт катар алма салынган коробкалардын аркасына аталган эттерин бекитип коюшканы билинген. Унаанын ээлерине алма алып өтүүгө гана уруксат болгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Керектүү материалдар топтолуп Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Ушул ордоктун этин уялышпай халал деп хошан жасап жатышат.Кудайдан корксонор боло соодагерлер канча элдин жоопкерчилиги силердин мойнунарда экенин сезсенер.Каерде кытайлыктар бисмилла Аллаху Акбар менен сойчу эле экспортко деп