ӨКМ: "Кара-Көлдө жоголгон 6 жашар Бекзатты издөө иштери убактылуу токтотулган"

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында 24 күн мурун жоголгон Бекзат Жанапиловду издөө иштери убактылуу токтотулган. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Бекзат Жанапиловду издөө иштери токтотулгандыгы тууралуу маалымат тараган. Атасы Амангелди Назакеев бул боюнча: "Уулумду издеп жатабыз. Ал табыла электе эле кантип издөөнү токтотобуз?" - деп билдирди.
Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматынан: "Бүгүн жоголгон баланы издөө иштери убактылуу токтотулган. Эртең кайра улантылат. Ата-энеси уулун суулардан дагы издөөнү суранышкан. Бирок издөө иштери жыйынтыксыз болууда", - деп билдиришти.
Эскерте кетсек, Бекзат Жанапилов 16-апрель күнү түшкү саат 13:30-14:00дөр чамасында шаардын Пойма бөлүгүндөгү 20-үйдөн эшикке ойноп чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Эгерде кимдир бирөө көрүп калса, Бекзатты издеп жаткан ата-энесине байланышуу зарыл. Байланыш телефондору: 0 (772) 15-88-42, 0 (705) 15-88-42, 0 (772) 15-88-43, 0 (700) 15-88-43.







1 |