super.kg logo

Аида Салянованын күйөөсүнүн иши боюнча шаардык соттун өкүмү өзгөрүүсүз калды

 

Бүгүн, 10-майда Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Марат Кутановго карата жазык ишин карап, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 20-апрелиндеги өкүмүн күчүндө калтырды. Ал эми Бактыбек Абдыкапаров, Турсунбек Мамбеталиев жана Кемел Имановго карата жазык ишин алардын жактоочулары көзөмөл даттанууну чакырып алышкан.

2015-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бактыбек Абдыкапаровду Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык) жана 190-беренелери (бүтүм жасоого же андан баш тартууга мажбурлоо) боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жылга шарттуу эркинен ажыраткан. Ошондой эле 50 эсептик көрсөткүчтө айып салынган.

Турсунбек Мамбеталиев 190-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга шарттуу эркинен ажыратылган. Андан сырткары 50 эсептик көрсөткүчтө айып салынган.

Кемел Иманов болсо 221-берене боюнча (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) айыпталып, 3 жылга шарттуу эркинен ажыратылган.

Ал эми Марат Кутанов 166-берене (алдамчылык) менен айыпталып, 5 жылга эркинен ажыратылган болчу.

2016-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаардык соту жогоруда аты аталгандардын ишин карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Алар "алдоо жолу менен 50 миң доллар алып, Бишкек шаардык жылуулук борборуна сапатсыз көмүр алып келишкен" деп айыпталышкан.

Айта кетсек, Бактыбек Абдыкапаров Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын күйөөсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.05.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шарттууитурдо элеби
10.05.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/187183/
Кээ бир чиновниктердин өкүмүнү аткарган десе да болот эле түшүнүктүү болот
10.05.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оа канкор бийлик алсыздыгы
11.05.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
alda ejege kylyngan cabuul
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: