super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өлкө аймагында 326 айыл санариптик телерадиоберүү менен камсыз боло электиги айтылды

 

Өлкө аймагында калктын 95 пайызы санариптик телерадио берүү менен камсыздалды. Мындай маалымат бүгүн, 10-майда Бишкек шаарында санарипке өтүү боюнча маалымат жыйында айтылды.

"Өлкөбүз чоң тарыхый окуянын алдында турат. Анткени 15-майдан тарта өлкө аймагында аналогдук берүүлөр өчүрүлөт. Биздин өлкө санарипке өтүп жаткан 104 өлкөнүн катарына кирди. Буга чейинки аналогдук берүүдөгү техникалар эскилиги жетип калган болчу. Өлкөбүздүн аймактары тоолуу болгондуктан 54 санариптик жыштыкты кармап берүүчү аппараттар коюлган. Көрармандар санарипти акысыз көрүшөт. Бүгүнкү күндө биздин тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүү максатында Тажикстан тараптан кайрылуулар болууда", - деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө аймагында калктын 67 пайызы санариптик берүүлөрдү көрүүдө. 15-майдан кийин Бишкек шаарында көрүүчүлөр санарипке кошулган 52 канал көрө алышат. Ал эми Ош, Жалал-Абад аймактарында 36 канал көрүүгө болот. Нарын, Ысык-Көл аймактарынын эли 22 канал көрсө, Талас облусунда 18-21 канал көрүшөт. Ал эми Баткен облусунда 19 канал көрсөтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө 315 миң калк жашаган 326 айыл санариптик телерадиоберүү менен камсыз боло электиги айтылды. Бул көрсөткүч өлкөдөгү калктын 5 пайызын түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
10.05.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде дагы деле Озбекистан корсотот Кыргызстан каналдары ото начар санарипте
10.05.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15-де өчүрүүнүн кажети жок экен, анда.
10.05.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Емне учун баткен обласында 19канал еле корсотот ошону тушундуруп берсинчи сураныч админ сурап беринчи андан ашык канал корсок болбойбу мисалы 25 30канал
10.05.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан коро санарипти киргизбеш керек 25 30канал корбосок
10.05.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен кобуроок каналдардан кошуп койгула.
11.05.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура санарип ото начар иштейт. Кээде сигнал жок деп эч нерсе тартпай калат.
Ушинтип барып санарип коруу учун акча толойсун дешип да чыгат азыркы бети жоктор. Ошого аналог очотда. Светке акча тологондой толоп корбосок эле болду. Элди кыйнай бергилечи силер телевизор да коргозбой койдунар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: