Жалал-Абад шаарында жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларды тартипке салуу максатында рейд жүрүүдө
Жалал-Абад облусунда жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларды тартипке салуу максатында рейд жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейд жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамында коомчулукка ачык чагылдырылат. Мындай ыкма менен Патрулдук милиция кызматкерлерине баш ийбеген айрым атка минер, кызматынан пайдаланган айдоочуларды нукка салуу максатын көздөйт.
Жалал-Абад шаарындагы мобилдик группалар менен бирге маалымат каражаттары жана ички коопсуздук кызматынын катышуусунда рейддер жүрө баштады. Алгач кыймыл көп катталган облустун борбору Жалал-Абад шаарынан башталып алыскы райондорго чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















