КҮНСЕРЕП: Кылмышты кечирген айкөлдүгүбүз кылмыштуулукту өстүрүп жатат
Бүгүн, 11-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
9-май күнү президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын депутаты Константин Затулинди катуу сындаган эле. Ажонун билдиришинче, Затулин Орусиялык телеканалдардын биринен кыргыз Орусияга жат эл экенин эскертип Кыргыз мигранттарына катаал чара көрүүнү сунуштаган. Көп күттүрбөй Затулин атайы билдирүү жасап, жагдайды түшүндүрдү.
Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Атамбаевди "Кыргыздын башкы этнографы" деп мазактап, өзүнүн сөзү президент же анын кеңеш берүүчүлөрү тарабынан бурмаланып кеткендигин айтат. Орусиянын депутаты чын эле Атамбаев айткан телеберүүгө катышканын, бирок Кыргыздар жөнүндө оозунан "бөтөн", "катаал чара" деген сөз чыкпаганын билдирүүдө. Телеберүүнүн жүрүшүн тартылган тасмадан көрүүгө болот. Затулин Кыргыздар түпкүлүгүндө орусиялык эместигин баса белгилеп, Орусия жарандыгын берүүдө Тажикстан, Казакстан жана Кыргыз мигранттарына атайын сунушталып жаткан жеӊилдиктер эмес, мыйзамдын башка нормалары иштээрин айткан. Андыктан өлкө башчысынын Жеӊиш күнүндө анын сөзүнө атайын убакыт коротуп, тымызын мазактоого мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүнүн зарылчылыгы бар беле деген суроо жаралат...
Өзгөндүн Курбу-Таш айылында көчкүнүн жылышы токтобой жатат. Бүгүнкү күндө 46 үй, 3 социалдык мекеме көчкү алдында калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады. Айылдын жалгыз мектеби да жер астында калгандыктан окуучулардын жарымы коӊшу айылдагы мектептен, жарымы айылдагы маданият үйүнүн имаратында окуп жатышат. Республикалык бюджеттин акчасына курулуп, жакында ачылышы болот деп күтүлүп жаткан спорт залды да көчкү басты.
Көчкү түшүү коркунучу бар жерге миллиондорду жумшап спортзал курууга кимдер уруксат бергенин териштирген жан жок. Имарат курууга техникалык, экологиялык коопсуздук боюнча экспертиза жүргүзүп, курса болот же болбойт дечү органдардын жоопкерчилиги сөзсүз каралышы шарт. Азырынча элдин коопсуздугун камсыздоо иши биринчи орунда. Келтирилген зыяндын эсебин тактоо, элге материалдык жардам көрсөтүү иштери али алдыда. Бюджеттин абалы белгилүү. Дүйнө жүзү суктанды деп өткөргөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жумшалган, Жогорку Кеӊеште эски креслону чанып жаӊысын алдырууга жана башка оӊ-солго жумшалган акчалардын баркы билинчү күн дагы али алдыда. Бишкектин четине Боинг кулап, 35 жаран каза тапканда, Аюу айылында 24 адамды көчкү басканда, минтип Курбу-Ташта элдин аргасы түгөнүп турганда алдына басып барууга убакыт таппаган президент 14-майда Кытайга жөнөп жатат. Форумга катышары айтылды. Президент отурган учак Кытайга Өзгөндүн үстүнөн учуп өтчү болсо, балким, абалды ошондо карай кетер?..
Бишкектин 21 жаштагы тургунун себепсиз сабап таштаган 2 милиция кызматкерине карата ачылган кылмыш иши кыскартылды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы муну жабырлануучу тараптын тосмо арыз жазышы менен түшүндүрүүдө.
Окуяны эскертсек, үстүбүздөгү жылдын 29-январында Бишкектеги кафелердин бирине кирип бараткан жаранды сыртка чыгып келаткан 2 милиция кызматкеринин бири уруп жиберген. Экөөлөп сабап салышып, мунун баары ал жактагы видеокамерага түшүп калган. Кылмышка шектелгендер Свердлов РИИБинин жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери. Буларга "бейбаштык" беренеси боюнча иш ачылып, өздөрү убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле. Жабырлануучу тарап айыпталуучуга туугандык байланышы бар үчүн тосмо арыз жазган деп айтылды. Жаман адаттардын бири - кылмыштын жазасыз калышы. Мыйзамдан мурун тууганчылык, жердешчилик өӊдүү адамдык факторлор алдыга чыккан учурлар кыргызда көп эле кездешет. "Колу менен кылганды моюну менен тартуу" принциби дайыма эле иштей бербейт. Ушинтип кылмышты кечирип коюулар кылмыштуулукту күчөтүп жатат...
кошулду

