super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Аккула" ат майданын калыбына келтирүү иштерине 300 миллион сом каражат керектелет

 

"Аккула" ат майданын калыбына келтирүү иштерине 300 миллион сом каражат керектелери тууралуу өкмөттүн бул маселе боюнча жыйынында белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жүргүзүлгөн тийиштүү жумуштардын алкагында, "Аккула" ат майданы бүгүнкү күндө борбордук муниципалитетке тиешелүү болгон ипподромдун мүлктүк хронологиясы аныкталгандыгын билдирген. 54 гектар аянты бар ипподром Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлдү. Адистердин айтымында, ипподромду реконструкциялоо иштерине 300 миллион сом каражат керектелет.

"Жыл сайын жергиликтүү жана чет элдик коноктордун ат-спорт оюндарына кызыгуусу артып жатканын эске алуу менен, "Аккула" ат майданын модернизациялоо маанилүү иш пландардын бири болуп саналат. Бул өлкөгө туристтерди өзүнө тартууда кошумча импульс болот. Майрамдык иш-чаралар ипподромдо инфраструктуралык маселелер бар экенин көрсөттү. Мындан улам аны оңдоо муктаждыгы келип чыкты", - деген премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ат майданы 2017-жылы курулуш иштери бүтө турган социалдык маанидеги объекттердин катарында экенин эскерткен.

Эскерте кетсек, 29-мартта премьер-министр ат майданга барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга ипподромдун айланасындагы бардык мүлктүк хронологияларды жана соттук териштирүүлөрдү иликтеп чыгууну тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.05.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол акчаны биринчи кезек жер кочкудон жабыр тарткандарга иштетпейсинерби ат майдан кутуп турат го)))))
Элдерге элдер жардам берет болуп калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: