super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Борбордук шайлоо комиссиясы: "Автоматтык эсептөөчү урналардын сканерлеринин мүмкүнчүлүгү кеңейди"

 

Бишкекте шайлоо жараянын ачык, айкын өткөрүү боюнча семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери шайлоо учурунда жүргүзүлүүчү иш-аракеттер менен катышуучуларды тааныштырды.

"Шайлоочу биометрикалык маалыматты тапшырып, маалыматтары базада сакталып турса да шайлоо учурунда аппарат шайлоочунун манжаларынын тактарын, паспорттогу коддорду окубай калган учурлар катталган. Ошондуктан бул жолу мындай кемчиликтерди кайталабоо максатында автоматтык эсептөөчү урналардын сканердик функциясына өзгөртүүлөрдү киргиздик. Эми мындан ары шайлоо учурунда жогорудагы кемчиликтер орун алса анда шайлоочуну сүрөтү аркылуу таанып, каттоодон өткөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду", - деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов.

Абдыжапар Бегматовдун маалыматына ылайык, буга чейин шайлоо учурунда сканерлер бюллетендердин типографиялык тактары болгон учурда жараксыз бюллетендердин катарына кошуп койгон учурлары болгон. Мындан ары мындай мүчүлүштүктөр жоюлуп, аппараттардын иштөө жөндөмдүүлүгү жакшыртылган.

"Шайлоонун жүрүшүндө участкалык шайлоо комиссиясы кандайдыр бир катачылыктарды кетирип койсо, аймактык шайлоо комиссиясы аталган участоктогу бюллетендерди кайрадан саноо боюнча чечим кабыл алат. Мындай учурда протоколго кайрадан саналды деген белги коюлат. Андан соң гана борбордук комиссиянын системине киргизилет. Бюллетендер кол менен саналып, автоматтык эсептөөчү урнанын эсебиндеги сандар менен дал келиши үчүн комиссиянын тактыгы талап кылынат", - деп кошумчалады Бегматов.

Эске салсак, быйыл 2017-жылдын 19-ноябрында президенттик шайлоо өтөрү айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бизде жыл сайын шайлоо отуп турабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: