super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУПЕРСТАН: "Апакем "экинчи тамак жасабай эле кой" деп айтканы эсимден кетпейт"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мен жасаган эң алгачкы тамак" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Үйгө апамдын кесиптештери келген эле, алар апам менен сүйлөшүп, чайлашып отурушканда өзүмдү чоң сезип аларга тузун ачуу кылып картошка кууруганым эсимде. Туздуу болгонуна намыстанып салып бербей отурсам, апам чыгып салып кеткен. Бетим, кулактарым кызарып, өзүмчө жаман болгом".

"Мен эң биринчи 2-классымда айылда очокко шорпо жасагам. Үйдө өзүм жалгыз элем, ата-энем үйдө жок болгондугуна байланыштуу аларга сюрприз кылайын деп тамакты баштагам. Аябай жүдөп бетим, колум баары капкара көө болгон. Атамдар келип аябай коркушкан. Ал эми тамак аябай даамдуу болгон. Ошол тамак эч эле эстен кетпейт".

"Челкийтип суу куюп картошка кууругам, пюре болуп калган, бирок атам аябай мактап жеген. Кеч болуп көзүмдү жумуп жатсам, атам мени уктап жатат деген го апама "бар, курсакка бирдеме алып келчи, бая айласыз эле жедим" десе, апам да "жүр, барып эле чай ичип келели, балдар да ичсе керек" деп чыгып кетишкен. Анда мен апамдар менен, калгандары башка бөлмөдө жатышчу".

"Эң алгач 9-класста палоо жасагам. Үйдөгүлөр аябай мактап жешкен. Кийин шаарга келип акем, жеңем жумуштан келгенче аларга палоо жасаганда сууну көп куюп койгон экенмин, "былч-былч" болуп калганынан бекитип, алар жумушка кеткенде төгүп салайын десем, жеңем аны таап алып, "жакшы болуптур, жей беребиз" деп көңүлүмдү көтөргөн болчу".

"4-класс болсом керек, апам базарга кеткенде тамак жасайм деп мешке казанды коюп, майды коюп, картошка аарчыганча майым кадимкидей күйүп кеткен. Аңгыча эле, апам базардан келип калды, "үй күйүп жатат го" дегенде шок болуп калгам. Оюма дароо суу чачуу келди, бир чөмүч сууну алып, апам "куйба" дегенине көңүл бурбай куюп жибердим. Анан элестете бергиле эмне болгонун, май чачырап, үйдүн ичи капкара, дубалдарга май чачырап жаман болгон. Анын айынан апамдан таяк жегенимди айтпа. Айтор, эстен кеткис болгон".

"Мен да 4-класс экенмин. Апамдар талаага кетип кеч келишкен. Ошондо кыйын болуп, колго кесме камыр жасап, жайып, элестете бергиле биринчи жолу камыр кылган кызды, бармактай-бармактай, калың кылып жайып, шорпосуна салып бышырып койгом. Эжем менен апам шорпосун эле ичишкен. Атакем болсо "оо, кызым чоңоюп, бизди бакканга жарап калыптыр" деп ичкен. Менин көңүлүмдү калтырбайын деген го. Апакем болсо "экинчи тамак жасабай эле кой" деп айтканы эсимден кетпейт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.05.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагымдуу жакшы тема экен
11.05.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы тема ачыпсынар. а то
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: