super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Жазы дарыясы Кара-Шоро жайлоосуна барчу жолду каптады, альтернативдүү жол салып беришсе болмок" дейт окурман

 

Өзгөн районундагы Мырзаке-Кара-Шоро жолундагы Кара-Дөбө аймагында таш кулап, Жазы дарыясын бөгөп, Кара-Шоро жайлоосуна барчу жолду суу каптаганын бүгүн, 11-майда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Жыйынтыгында дарыя нугунан чыгып, жол боюндагы электр мамыларын жана вагонду басып калды. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Тиешелүү министрлик альтернативдүү жол салып берсе жакшы болмок, жайлоого жол жок элдер кыйналышты", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Кара-Дөбөнү суу каптады

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.05.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башты айланттынго тарткан видеон менен. Ушинтип тартканданкоро тартпай эле койбоптурсун.
12.05.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай сапаты жок видеолорду чыгарбай эле койбойсунарбы? Же автордон кайра сапаттуу тартуусун сураныш керек болчу. Кантип тарткан? камерасын колу менен айландырып тартканбы? Эч нерсе коро албадым. Кичинекей балада мындан жакшы тартмак. Ал эми кырсык жонундо айтсам. Кичине кулаган ташты тазалап, дарыяны оз нугуна сала албаган МЧСти министирлик деп айта албайм. Бюджеттен олчойгон миллиондор болунот болуш керек МЧС учун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: