super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 11-МАЙ: Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 48 жашка толду

 

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев 48 жашка толду. Ал 1969-жылы Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. Педагогика илимдеринин доктору. 1987-1989-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөгөн. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн артыкчылык менен бүтүргөн. 1998-жылы Орусия мамлекеттик кызмат академиясын “политология” адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн. Ал эми 2002-жылы Москвада кандидаттык диссертациясын, 2010-жылы Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда докторлук диссертациясын коргогон.

Эмгек жолун 1992-жылы “Асаба” көз карандысыз газетасынын кабарчысы катары баштап, анда 1994-жылга чейин иштеген.

1994-1995-жылдары – Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз кызматынын референти, 1996-жылдан тартып басма сөз кызматынын жетекчиси, 1996-жылдын июлунан 1999-жылдын декабрына чейин президенттин басма сөз катчысы болуп иштеген.

1999-жылдын декабрынан тартып 2004-жылдын декабрына чейин – “Учкун” ААКсынын президенти болгон.

2000-2005-жылдары – Бишкек шаарынын №2-Жал шайлоо округу боюнча Жогорк Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитеттин мүчөсү.

2005-жылдан тартып 2007-жылга чейин - №62-Аламүдүн шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаты.

2008-жылдын декабрынан тартып 2010-жылдын ноябрына чейин - Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору.

2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Ата Мекен” партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келген.

11-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: