Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими-2017” сынагынын жеңүүчүсүнө жеңил унаа тапшырылды
Ош шаарында “Жылдын мыкты мугалими-2017” сынагынын жеңүүчүсү автоунаага ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, баш байгени шаардагы "Жетиген" балдар лицейинин химия мугалими Айжан Абдуватова жеңип алды. Калаа башчысы жеңүүчүнү куттуктап, "Daewoo Matiz 3" үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кароо-сынактын финалдык туруна мугалимдер жамааты, окуучулар жана мэриянын жетекчилиги күбө болушкан. Ошондой эле “Жылдын мыкты мектеби-2017” сынагынын жеңүүчүлөрү да аныкталганы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Ошо жетиген мектебин Н.Назарбаев салып бериптир Деп уктум эле