"Кудайберген" базарынын жанында 15 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды




Бишкектеги "Кудайберген" базарынын жанында 15 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган айдоочу 1959-жылы туулган, Т.А.В. аттуу шаар тургуну экени аныкталган.
Айта кетсек, жол кырсыгы 10-май күнү саат 22:00 чамасында Патрис Лумумба көчөсү тараптагы "Кудайберген" базарынын жанында болгон. Анда ак түстөгү Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 15 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканада жан берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Мындай корунуш коп болуп кеттиго Э айдоочулар.козунорду.тостойто.ачып айдасанар боло