super.kg logo

"Кудайберген" базарынын жанында окуучуну сүзүп кеткен айдоочу: "Досторум менен спирт ичимдигин ичип, аларды жеткирип бара жаткам"

 

Бишкектеги "Кудайберген" базарынын жанында окуучуну сүзүп кеткен айдоочу мас абалда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы болгон учурда унаанын ичинде айдоочудан сырткары дагы эки адам болгон.

"Айдоочунун айтымында, ошол күнү достору менен спирт ичимдигин ичишип, аларды жеткирип бара жаткан. Окуучунун жолго кандайча чыгып кеткенин байкабай калган. Коркконунан кырсык болгон жерден качып кетип, тааныш аялдын үйүнө алып барып, унаасын жашырып койгон", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Ошондой эле айдоочу кылмыш изин жашыруу үчүн унаанын крылосун, бамперин, фарасын чыгарып катып койгон.

Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаевдин айтымында, сүзүлгөн окуучуну каршы тилкеде келе жаткан Субару Форестер үлгүсүндөгү унаа тебелеп кеткен. Азыркы тапта ал боюнча да тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Айта кетсек, жол кырсыгы 10-май күнү саат 22:00 чамасында Патрис Лумумба көчөсү тараптагы "Кудайберген" базарынын жанында болгон. Анда ак түстөгү Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 15 жаштагы баланы сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканада жан берген. Бүгүн, 11-майда окуучунун өлүмүнө себепчи болгон айдоочу кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
11.05.2017. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ олуп баратсан да рульга отурбай ичпесинби!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-12 09:11:40
11.05.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тебелеп кеткени жаман болуптур..
11.05.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр мас болуп айдагандар толуп кетти тезинен катуу чара коруш керек
11.05.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пьяный водитель-преступник!
12.05.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ekaterinburg, портал кыргыз тилинде болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм.
12.05.2017. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жапжаш кеткен экен;(( Аллах бейишине алсын.
Тебелеп кеткенде мин корксода биринчи жардам кылыш керекда. Бул жашоонун жазасынан качып кутулсада Жараткандын жазасы бар.
12.05.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ай ай,журогум ооруп кетти.Менинда балам ушул жолдон отот.Биздин чондор балдар окуган мектептин жанына жол чырак койсо болмок.Аябай аянычтуу ата энесине сабыр берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: