super.kg logo
  Саясат  

УКМК: Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге "коррупция" беренеси боюнча айып тагылды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эл өкүлү Токмок шаарынын мэри болуп турган убактагы мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен айыпталууда.

"Исаев Токмок шаарынын мэри болуп туруп, жалпы колдонуудагы муниципалдык жер тилкени жеке компанияга соода борборун куруу үчүн мыйзамсыз берип жиберген. Ошондой эле ал Токмок шаардык мэриясынын башка кызмат адамдары менен сүйлөшүп, шаардык бюджеттен каржыланып жаткан автостанциянын курулушу боюнча жумуштарды аткарууну аны менен биргелешкен компанияга өткөрүп берген. Андан сырткары муниципалдык имаратты жеке жакка төмөндөтүлгөн баада мыйзамсыз саткан", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Айта кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап кылмыш ишин козгогон. Кийин ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, атайын топ өндүрүштө турган жана негизсиз токтотулган кылмыш иштерин текшерүүгө алган. Анын жыйынтыгында Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө негизсиз токтотулганы аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: