super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташуучу жаңы каттамга газ менен жүрүүчү 12 автобус киргизилди

 
Марат Сайдылдаев
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев
Айдоочулар

Бүгүн, 12-май күнү Бишкек шаарынын мэриясынын алдында жүргүнчүлөрдү ташыган №35-каттам ачылып, газ менен жүрүүчү жаңы 12 автобус киргизилди.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев катышып, автобустарды айдоочуларга тапшырышты. Бул каттамды "Шыдыр Жол Кей Жи" жоопкерчилиги чектелген коом ишке киргизип, автобустарды Кытайдан сатып келген.

"Каттамда 20 автобус болушу керек. Азыр 12 автобус киргизилип, дагы 8 автобус чек арадан өткөрүлүп жатат. Ар бир автобустун баасы 93 миң доллардай болду. Ушул эле долбоордун негизинде жыл аягына чейин 100 автобус алып келүүнү пландап жатабыз", - деди ЖЧКнын өкүлү Марат Сайдылдаев.

Ошондой эле жол кире азырынча 8 сом болорун, бара-бара автобустарды акташ үчүн жол киренин акысын көтөрүү тууралуу маселе каралып жатканын кошумчалады ал.

Ал эми мэр бул маселе сунушталса, аны шаардык кеңеш карарын айтып, автобустарды сатып алууга бюджеттен бир тыйын бөлүнбөгөнүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.05.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бир автобустун баасы 5млн сом болуп калабы.
12.05.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Канча сом болсо да быжыраган маршруткалар азайса экен....
12.05.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайдан бащка жактан алса болбойбу кытайдыкы бир эки жылда эле жарабай калат экен го шалдырап.Илгерки союз маалындагы автобустарды коруп калабыз анда санда часниктерден кача жыл отсо да кытайдыкындай калдырабайт.
12.05.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул автобустарды частный предпринимательдер алып келип жатат!!! Экологиялык жактан таза автобустар экен!! Кытайдан башка өлкөгө сенин акчан жетсе алып сен деле иштете бер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: