super.kg logo
  Саясат  

Депутат мамлекеттик ишканалардын жетекчилигине чиновниктердин туугандары, тааныштары келип жатканын айтты

 

Бүгүн, 12-майда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Анвар Артыков мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин кесиптик деңгээли төмөн болуп жатышына ким жооп бере турганына кызыкты.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковго кайрылып: “Сиз мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин кесипкөй деңгээли төмөн экенин айтып жатасыз. Мындай жетекчилердин келишине жол бергенге ким күнөөлүү? Өзүңөр чиновниктердин ууру, коррупционер тааныштарын алып келип, мамлекеттин кадыр-баркына шек келтирип жатасыңар”, - деди.

Болсунбек Казаков мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин тийиштүү министрликтер сунуштай турганын айтты. Буга чейин Казаков баяндама жасап жатып жетекчилердин кесипкөй деңгээли төмөн экенин билдирген.

Учурда “Улуттук холдинг” ачык акционердик коомун түзүү боюнча жана 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: