super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы: “Өлкөдө 5-6 мамлекеттик ишкана гана пайда алып келип жатат”

 

Өлкөдө 5-6 мамлекеттик ишкана гана пайда алып келип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда КСДП фракциясынын жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, аталган фонд Жогорку Кеңештин “Улуттук холдинг” ачык акционердик коомун түзүү боюнча” токтом долбоорун иштеп чыккан. "Мезгилдин талабына ылайык, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" түзүлгөн. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан систем толук кандуу талаптарга жооп бербейт. Мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдо өкүлдөр сынактын негизинде тандалып жатат. Бирок кесипкөй адамдар барбай, саясий учурлар аралашып кетип жатат”, - деди ал.

Мындан тышкары Казаков Каттоо министрлигинин маалыматы боюнча 1130 мамлекеттик ишкана бар экенин айтты. Алардын ичинен 166сы иштеп, 5-6 ишкана гана пайда алып келе турганын кошумчалады.

Жыйында “Улуттук холдинг” ачык акционердик коомун түзүү боюнча жана 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: