Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтында күч түзүмдөрүндө иштеп каза болгон жоокерлер эскерилди












Бүгүн, 12-майда Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтындагы өчпөс оттун алдында күч түзүмдөрүндө иштеп каза болгондор эскерилди. Эскерүү митингине мекенге кызмат кылып, каза болгондордун жакындары жана ардагер кесиптештери катышты.
"Улуттук гвардияда, Ички иштер министрлигинде жана "Альфа" атайын кызматында иштеген ардагерлер, бүгүн кызмат учурунда каза болгон кесиптештерибизди эскерүү үчүн келдик. Алар бир убакта мекен үчүн жан үрөп кызмат кылышкан. Дал ушул күнү "Альфа" кызматы кылмышкерлерди кармоо учурунда алгачкы жоготууга учураган. Ошондуктан баарыбыз ушул күнү чогулуп эскерип жатабыз. Мекенге кызмат кылган жоокерлерди бийлик тарабынан эскерүү канааттандырарлык болбой жатат", - деп билдирди Улуттук гвардиянын мурдагы жетекчиси Абдугул Чотбаев.
Иш-чара каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң ардагерлер өчпөс оттун алдына гүл коюшту. Террорго каршы операциялар учурунда атайын кызматтын 4 офицери каза болгону маалым болду.
Көзү өткөн күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлерди эскерүү

