super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бүткүл дүйнөлүк банк: "Бул жылы Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы өсөт, бирок сырткы факторлорго алсыздыгы сакталат"

 

Бүткүл дүйнөлүк банк Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык абалы тууралуу докладын жарыялады. Ага ылайык, бул жылы ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин арасында Кыргыздын экономикасы тез өсөт.

"Кыргыз экономикасы 2016-жылга караганда өстү, бирок негизги көрсөткүчтөр жетишсиздиктерди жана өсүүнүн сапатын жашырууда. Келечекте экономиканын өсүшү болот, бирок сырткы факторлордун алдында алсыздыгы сакталат", - деп жазылат докладда.

Докладда өткөн жылы Кыргыздын ички дүң продукциясы 3,8 пайызды түзсө, быйыл 3,4 пайызга чейин төмөндөй турганы көрсөтүлгөн. Бул алтын казууну азайтуу пландаштырылганына байланыштуу экени белгиленип, аны менен бирге өнөр жай тармактары өсөрү жазылган.
Докладга ылайык, Орто Азия боюнча Тажикстандын ички дүң продукциясы 6,5тен 5,5 пайызга чейин, Өзбекстандыкы 7,8ден 7,6га чейин төмөндөйт. Түркмөнстандыкы 6,2ден 6,3 пайызга жогорулайт. ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттердин ички дүң продукциясы өскөнү менен, көрсөткүч боюнча Кыргыздыкына жетпеси аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.05.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээхх кана эми ушул корсоткучтор бир гана осуу менен жогорулап турса экен. Биздин тойбостор эле ара жолдон ашап кетип кууратып жатышпайбы.
12.05.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди куру сан менен болсода кубандырып коюптур.
12.05.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп жутарлар ортодон жеп алышпаганда осуу жакшы эле болмок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: