super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутаттар Кыргыз мектептеринин баарын 5 күндүк окуу тартибине өткөрүүнү сунуштап жатышат

 

Депутаттар Кыргыз мамлекетиндеги бардык мектептерди 5 күндүк окуу тартибине өтүүнү сунуштап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда КСДП фракциясынын жыйынында мыйзам долбоорду депутат Евгения Строкова тааныштырып жатат.

Анын айтымында, окуу программаларында кыскартуу болбойт. “Азыркы учурда 1-4-класстар жумасына 20-30 саат окутулат, ал эми 6-11-класстын окуучулары 33-36 саат билим алат. 2010-2013-жылдары пландарды кыскартуу болгон. Билимдин сапаты жаман болбойт. Программа кыскартылбайт”, - деди ал.

Депутат Мурадыл Мадеминов жеке менчик мектептер 8:00-17:00гө чейин окуучуларды окута турганын айтты. “Башында сабак окутулуп, анан чыгармачыл кошумча сабактар өткөрүлөт. Ал эми мамлекеттик мектептерде 6 саат түшкө чейин жана түштөн кийин окушат. Көпчүлүк мектептер 3 нөөмөт менен окушат. Ишемби күндөгү программаны кайда жиберебиз?” - деди.

Строкова окуу жылын 30-майга чейин жылдырса боло турганын белгилеп, Бишкек шаарында 3 нөөмөт менен окуган бир эле №29-мектеп бар экенин эскертти.
Мадеминов Строкова Бишкек жөнүндө гана айтып жатканын белгиледи. “Республика боюнча эмне болуп жатканын айтпай жатасыз. Менин районумда 3 нөөмөт менен окуп жатышат”, - дейт. Буга
Строкова: “Сиздин районуңуздагы мектептер 6 күн окуй беришсин”, - деген жооп узатты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
12.05.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Башты оорутпагыла! Ансыз да 5 кун окуйбуз. Окууну жылдырбай эле койгула! Андан кору озунор ак уйдон жылгыла пайданардан зыянынар коп СДПК
12.05.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Сиздин районунузда окуй беришсин" - деп ХХХ адамдын созун суйлобой, олуттуураак болсо жакшы болмок экен Строкова.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-12 15:44:46
12.05.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30 майга жылдырганы туура эмес 25-май эле туура акыркы конгуроо болгону..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: