super.kg logo
  Саясат  

Рыскелди Момбеков баласын Бишкектеги №5-мектеп-гимназиясына киргизүү үчүн пара бергенин айтты

 

Бүгүн, 12-майда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Рыскелди Момбеков баласын Бишкектеги №5-компьютердик-гимназияга мектепке киргизүү үчүн пара бергенин айтты.

Жыйында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жаткан. Депутат “Аталган гимназияда бир класста 40-42ден ашык окуучу окуйт. Мектепке баланы киргизүү кыйын. Мен баламды пара берип киргизгем”, - деди.

Ал эми №5-компьютердик-гимназиянын директору Муратбек Жумалиев депутаттын баласын эч кандай парасы жок эле мектепке киргизгенин SUPER.KG порталына билдирди.

“Рыскелди Момбеков эки жыл мурда баласын мектепке пара бербей эле киргизген. Бизде бардык мектептердегидей эле ата-энелер өз каалоосу менен жардам беришет. Бирок каражатты банк аркылуу которушат. Акча мектепти оңдоп-түзөөгө жана башка техникалык нерселерге жумшалат. Ооба, депутат демөөрчү катары 5 миң сомду ата-энелер комитетине банк аркылуу берген. Бизде каражат которгону боюнча маалым каты бар”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: