super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкова сунуштаган мыйзам долбоорун кесиптештери колдобогонун айтып көзүнө жаш алды

 

Бүгүн, 12-майда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Евгения Строкова кесиптештерине нааразы болду. Буга Кыргыздагы мектептерди 5 күндүк окуу тартибине өтүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда депутаттар докладды укпай суроого өтүшкөнү себеп болгон.

Анда мыйзам долбооруна айрым депутаттар каршы чыгышкан. Демилгечи Строкова докладды депутаттар аягына чейин угушканда суроолор жаралмак эмес деген пикирин билдирди.

“Биз бул мыйзам долбоорду киргизип жатканда изилдеп чыкканбыз. Ошондой эле мага дагы көптөр жакпайт. Фракцияда бири-бирибизге жакшы мамиле кылсак. Мага деле кээ бир адамдар жага бербейт. Мурадыл Мадеминов мени жаман көргөнү билинип турат. Мындай адамдарга жакпай эле койдум”, - деп көзүнө жаш алды. Фракциянын лидери Иса Өмүркулов кесиптешин ыйлабоого чакырды.

Асылбек Жээнбеков талкуу менен сапаттуу мыйзам долбоор кабыл алына турганын билдирди. “Талкуу үчүн таарынбоо керек. Биз сизди сыйлайбыз. Мыйзам долбоор жөнүндө сөз болуп жатканда сүйүнүү керек. Биз дайыма ынтымактуу болгонбуз. Мындай талкуулар комитеттин жана парламенттин кароосуна даяр болууга үйрөтөт”, - деди Жээнбеков.

Эске салсак, мыйзам долбоору талкууланып жатканда Мурадыл Мадеминов көпчүлүк мектептер 3 нөөмөт менен окуша турганын айтып, "Ишемби күндөгү программаны кайда жиберебиз" деген суроо берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: